Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Премьер Сариев Мамдуманын төрагасы Нарышкин менен жолукту


Премьер-министр Темир Сариев Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолукту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана келечектеги багыттары талкууланды.

Премьер-министр Сариев өлкөнүн ЕАЭБге интеграциясынын алкагында кызматташуу активдешкенин белгилеп, эки өлкө ортосунда алаканы күчөтүү зарылдыгын билдирди.

8-апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин расмий сапар менен Бишкекке келген. Мындан мурдараак парламент спикери Асылбек Жээнбеков менен жолуккан. Ал “Евразиялык экономикалык келечек” деп аталган эл аралык экономикалык форумга ортоктош болууда. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана башкалар да катышууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG