Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Сирияда козголоңчулар Эл-Рай шаарын өз карамагына алышты


Сириялык козголоңчулар өлкөнүн түндүгүндөгү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун карамагандагы стратегиялык шаарды өз колуна алды. Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча борбор 7-апрелде Эл-Рай шаары экстремисттер менен айыгышкан салгылашуудан кийин Эркин Сирия армиясынын алдындагы козголоңчулардын карамагына өткөнүн билдирди.

Эл-Райдын алынышы учурда эки бөлүнгөн Алеппо шаары үчүн согушуп жаткан козголоңчулардын турумдарын бекемдейт деп кабарланууда. Ошондой эле бул жеңиштен соң козголоңчуларды керектүү азык-түлүк, курал-жабдык менен камсыздаган Түркиянын чек арасындагы маанилүү каналга жол ачылды.

Бул “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун өткөн жылдын май айынан берки чоң утулушу.

Сирия жаңжалына быйыл туура беш жыл толду. Бул маалда 270 миңден ашык адам набыт болуп, миллиондогон сириялыктар качкынга айланды.

XS
SM
MD
LG