Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Иран менен Саудия ажылык уюштуруу маселелерин сүйлөшөт


2015-жылы ажылык амалдарын аткаруу учурунда тебелендиде калып 700дөн ашуун адам өлгөн.
2015-жылы ажылык амалдарын аткаруу учурунда тебелендиде калып 700дөн ашуун адам өлгөн.

Иран делегациясы кийинки аптада Саудияга быйылкы ажылыкты уюштуруу боюнча маселелерди талкуулаганы барат. Бул эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалар токтотулгандан кийин биринчи жолугушуу болмокчу.

Регионалдык эки атаандаш өлкө ортосундагы мамилелер январь айында Эр Риядда шийилердин таанымал диниятчысы өлүм жазасына тартылгандан кийин курчуп кеткен. Тегерандагы элчилиги жаалданган демонстранттардын чабуулуна туш болгондо Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык алакаларын токтотуп салган.

Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы чыңалууга өткөн жылы ажылык амалдарын аткаруу учурунда тебелендиде калган 700дөн ашуун адамдын өлүмү да түрткү болгон. Алардын 400дөн ашууну ирандыктар эле.

Иранда ажылык боюнча иштерди тескеген Саид Охаи атайын делегация Эр-Риядга 14-апрелде барарын, сүйлөшүүлөр жетишилсе мурдагы жылдардай эле эки өлкө ортосунда меморандумга кол коюларын айтты. Ошондой эле Охади жолугушууда былтыр тепсендинде калган жүздөгөн адамдарын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүү маселеси да сүйлөшүлөрүн билдирди.

Жыл сайын Иран ажылыкка кеминде 64 миң жаранын жөнөтөт.

XS
SM
MD
LG