Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Грекия Түркияга качкындардын экинчи тобун кайтарды


Грекиядагы Лесбос аралынан жүзгө жакын мигрант кеме менен Түркиянын Дикили портуна жеткирилди.
Грекиядагы Лесбос аралынан жүзгө жакын мигрант кеме менен Түркиянын Дикили портуна жеткирилди.

Жума күнү эртең менен Грекиядагы Лесбос аралынан негизинен пакистандыктардан турган жүзгө жакын мигрант кеме менен Түркиянын Дикили портуна жеткирилди. Качкындарды кайтарып ийүү Анкара менен Евробиримдик ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык жүрүүдө.

Грекиянын качкындар кризиси боюнча комитети 8-апрелде Түркиядан Грекияга ооп келген качкындардын саны акыркы күндөрү кыйла азайганын билдирди. Соңку 24 сааттын ичинде Грекияга 149 мигрант келген, ал эми бир ай мурда өлкөгө күнүнө 900дөй бозгун кирип турган.

Басымдуу бөлүгүн Пакистан жана Ооганстан жарандары түзгөн 202 бозгундан турган биринчи топ Түркияга дүйшөмбү күнү жөнөтүлгөн.

Портко келген активисттер бул чаралар адам укуктарын одоно бузуу болуп саналарын айтып, нааразылыгын билдиришти.

Анкара менен Евробиримдик түзгөн келишим боюнча Түркия Грекияга мыйзамсыз жолдор менен келген бардык мигранттарды жана качкындарды, анын ичинде сириялыктарды да өз аймагына жайгаштырат. Евробиримдик Түркиянын сириялык качкындарды кабыл алышы үчүн Анкарага миллиарддаган доллар жардам берет. Бул иш түрк жарандарына Евробиримдикке визасыз режим киргизүү жана өлкөнүн биримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү ыкчамдатмакчы.

XS
SM
MD
LG