Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Назарбаев Ташкенге, Тегеранга, Анкарага барат


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 11-апрелде Иран президенти Хасан Роуханинин чакыруусу менен Тегеранга барат. Эки президенттин жолугушуусунда Роухани Астанага 2014-жылы келгенде кол коюлган бир катар келишимдердин ишке ашырылуусу тууралуу сөз болот.

13-апрелде Назарбаев Түркияга Ислам кызматташуу уюмунун саммитине катышат. Эки күндүк сапарда Назарбаевдин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушары күтүлүүдө.

15-апрелде Назарбаев Өзбекстанга барып, президент Ислам Каримов менен жолугат. Эки тарап жолугушууда Казакстан менен Өзбекстан ортосундагы негизги көйгөйлөрдү талкуулашат, деп билдирет Казакстан президентинин акимчилигинде.

Түркияда өтчү Ислам кызматташуу уюмуна 57 өлкө кирет, алардын арасында Иран, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан бар.

XS
SM
MD
LG