Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Хадижа Исмаиловага Гильермо Кано атындагы сыйлык ыйгарылды


Хадижа Исмаилова
Хадижа Исмаилова

Азербайжанда абакта отурган журналист оор шартта сөз эркиндигине кошкон салымы үчүн ЮНЕСКОнун дүйнөлүк сыйлыгынын лауреаты болду.

ЮНЕСКОнун акчалай сыйлыгы 25 миң долларды түзөт. Бул сыйлыкка 1986-жылы өлтүрүлгөн колумбиялык журналист Гильермо Канонун ысымы айгарылган. Азербайжанда бийликтин жогорку тепкичиндеги коррупциялык иштерди иликтеп, "Азаттык" менен кызматташкан журналист Хадижа Исмаилова былтыр сентябрда финансылык кылмыштар боюнча айыпталып, жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Укук коргоочулар менен анын жактоочулары бул иш саясий негизде атайын жасалган деген ишенимде. Эл аралык Amnesty İnternational укук коргоо уюму Исмаилованы “абийир туткуну” деп тааныган.(AzK)

XS
SM
MD
LG