Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Бишкекте хоккей боюнча "Азия чакырыгы" кубогуна арналган эл аралык мелдеш башталды


Кыргызстандагы хоккей оюну
Кыргызстандагы хоккей оюну

9-апрелде Кыргызстандын тандалма командасы биринчи оюнда Индиянын командасын 11:1 эсебинде утуп алды.

Эл аралык мелдеш Бишкек шаарынын муз майданында өтүп жатат. 14-апрелге чейин боло турган оюнда Кыргызстан, Индия, Катар, Малайзия жана Макао өлкөлөрүнүн курама командалары ойношот.

Эл аралык жана Азиялык хоккей федерацияларынын демилгеси менен уюштурулуп жаткан турнирге кыргыз хоккейчилери быйыл үчүнчү жолу катышып жатат.

“Азия чакырыгы” кубогунун 2014-жылдагы оюндары Бишкекте өтүп, финалда Кыргызстан курамасы Макаого аз гана айырма менен, 5:4 эсебинде утулуп калган эле. Былтыр Кувейтте болгон мелдеште коло медаль тагынышкан. Бул кубоктун жеңүүчүсүнө Азия чөлкөмүндөгү курамалар арасында топ дивизиондо ойноого шарт түзүлөт.(AzK)

XS
SM
MD
LG