Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

Бишкекте Тез жардам кызматына бир күндө 585 адам чалган


Тез жардам унаасы
Тез жардам унаасы

Шаардык тез жардам кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, 9-апрель күнү шаарда беш жашар бала катуу жөтөлдөн улам ооруканага жеткирилип, реанимацияда каза болгон. Мындан тышкары 60 жаштардагы эки киши оорудан, дагы бир адам алкоголдук ичимдиктен улам көз жумган. Рухий Мурас жаңы конушунда бир жаран өзүнө бычак сайып, жаракат алган.

Жалпысынан бир сутка ичинде Тез жардам кызматына 585 кайрылуу болуп, алардын 415ине дарыгерлер барган. Кайрылгандар негизинен кан басымы жогорулагандар, ар кандай жарат алгандар жана тамак-ашка уулангандар болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG