Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Социалдык тармактар акыл-эсти "адаштырат"


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (3-10-апрель).

The Independent гезити "Фейсбук же Твиттер бизди бактылуу кылабы" деген суроого жооп издейт. Акыркы иликтөөлөр ар бир беш адамдын бирөө социалдык медианы колдонгондон кийин маанайы чөккөнүн көрсөттү.

"30 жаштан төмөнкүлөр үчүн азыр Фейсбук же Твиттер кан-жанынын бир бөлүгүнө айланып, смартфон же планшетсиз жашай албай калышты. Бирок тармактарды тынымсыз текшерип, профилдерди улам өзгөртүп туруу акыл-эс оорусунун бир түрүнө айланууда. 2015-жылдан бери социалдык тармактар адамда коркуу, жалгыздык, начар уйку сыяктуу сезимдерди арттырарын далилдеген жүздөгөн изилдөөлөр ишке ашты. Адамдын мээси тынымсыз алмашкан "статустарга", сүрөттөргө, маалыматка туруштук бере албайт. Ал сөзсүз түрдө мындай оор кырдаалда катуу жабыркайт. Азыр социалдык тармактар адамдын саламаттыгына аракечтик, баңгиликтей эле коркунучтуу болуп калды" деп жазат The Independent.

Назарбаев Манхэттен ресторанын тинтитти

New York Post гезити Казакстандын эл башчысы Нурсултан Назарбаевдин Америка кошмо штаттарына болгон иш сапары учурундагы окуяга сереп салат. «Борбор Азиянын күчтүү лидери Манхэттендеги «Мамо» аттуу ресторанга кечки тамакка барардын алдында бул жайдагы ичимдик, азык-түлүктөр атайын догдурдун көзөмөлүнөн өткөн. Идиш-аяктын баары арак менен тазаланган. Ошондой эле ашканасы кароолго алынып, Назарбаевди 15-20 киши коштоп кайтарып, аны Нью-Йорк ресторанынын кызматкерлери эмес, ошол өзүн коштоп баргандар тейлешкен.

"Назарбаевдин бул жоругу аны келекелеген «Борат» тасмасындагы кадрларга окшошуп кетти. 75 жашка чыгып калган казак башчысынын ар бир жеген тамагы догдурлардын тыкыр көзөмөлүнөн өттү. Назарбаев эмнеден коркконун ким билсин, бирок акырында ал жанындагылары менен ресторандан жакшы маанайда чыкты", - деп жазат New York Post. Аталган гезит "Мамо" ресторанындагы окуянын чоо жайын сурап, Казакстандын АКШдагы элчилигине да кайрылып, бирок жооп ала алган эмес.

Уурдалган эстеликтерден түшкөн миллиондор

Сирия жана Ирактагы байыркы эстеликтерди талкалап, талап-тоноп жаткан «Ислам мамлекети» террордук тобу аларды сатуудан да чоң суммадагы каражат таап жатат деп кабарлайт Newsweek журналы. Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчисинин маалыматы боюнча мындай "кара базардагы" соодадан аталган уюм болжол менен 150-200 миллион АКШ доллары өлчөмүндө киреше алды. Элчи Виталий Чуркин БУУга жазган катында: «Дүйнөлүк тарыхый мурас катары таанылган 100 миң маданий жай, 4 500 археологиялык калдыктар жана ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине кирген тарыхый жайлар «Ислам мамлекети» террорчул уюмунун көзөмөлүнө өткөн. Андагы эстеликтерди сатуудан түшкөн каражат жылына 200 миллион долларды чапчууда. Уурдалган байыркы буюм-тайымдар Түркиянын Измир, Мерсин жана Анталия шаарларындагы кылмыштуу топтор аркылуу дүйнөгө сатылып жатат. eBay сыяктуу интернет дүкөндөрдөн да сатылган учурлар бар. Эң эле өкүнүчтүүсү, мындай интернет соода түйүндөрү сатылып жаткан тарыхый буюмдун кайдан, кантип келгенине кызыкдар эмес», - деп белгилеген.

Европанын алтын доору аяктадыбы?

Арно Лепарментье аттуу саясий баяндамачы Францияда чыккан Le Monde басылмасына Европа азыр барган сайын чачыранды болуп, жумушсуздук, саясий туруксуздук, террорчулук шамалы аркыраган аймакка айланганын жазып чыкты. Журналист "Европа Биримдигинин мурдагы империялардай эле ажалы жеттиби?" - деген суроо коюп, ага жооп берүүгө аракет кылган. "Европанын түбүнө согуш, улуттук баалуулуктардын жоголуусу, евронун кунуну кетүүсү, укуктук нормалардын бузулуусу жана таасирдүүлүктүн азайуусу жетет окшойт. НАТО жана Америка дүйнөсү ички тынчтыкты кепил кылабыз дегени менен, коммунизм урагандан кийин Европа өз эркиндигине жооп бере албай жатат. Европа чыгыштагы саясатынан адашты. Украинага карай кеңейүү туурабы же Түркияны кошуу пайдалуубу, биле албай калды. Чек арасыз мейкиндик курам деп, өздүгүн жоготуп койду. Европа азыр мыкты коргонуу системасын куруп, тышкы саясатын бекемдебесе, Брюсселдегидей чабуулдар улана берет. Түркия боюнча адис, Европа университетинин профессору Хизер Граббе айткандай, азыр Европа Биримдигине Түркияны кабыл алуу өтө деле маанилүү болбой, бул эки державанын бир пикирге келүүсү олуттуу темага айланды", - деп баяндайт Le Monde.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG