Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:29

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт


Кыргызстанда 11-апрелде ала булут каптап турат, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +11...+16

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +14...м19

Баткенде түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +10...+15

Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз +10...+15.

Бишкекте 11-апрелде ала-булут каптап турат, жаан-чачын болойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5 градус, күндүз 14...16 градус болот.(AzK)

XS
SM
MD
LG