12-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт, тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +11...+16
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +11...+16
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +14...+19
Баткенде түнкүсүн +4...+9, күндүз +11...+16
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +9...+14
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +10...+15.
12-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° жылуу болушу күтүлөт.