Алдын ала маалымат боюнча Сузак районунун Кызыл-Туу, Алчалуу айылдарынын аймагында саат 16:00 чамасында жер көчкү жүрдү. Кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова жер көчкү боюнча так маалыматты тактоо максатында ӨКМдин райондук бөлүм башчысы, дагы бир адис жана айыл башчы жер көчкү түшкөн жерге кетишкенин "Азаттыкка" билдирди.