Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Тегеранда Казакстан менен Иран президенттеринин сүйлөшүүлөрү өттү


Назарбаев жана Роухани. Тегеран, 11-апрель, 2016-жыл.
Назарбаев жана Роухани. Тегеран, 11-апрель, 2016-жыл.

Нурсултан Назарбаев Иран борборундагы расмий сапары бүгүн башталды. Анын Иран президенти Хасан Роухани менен сүйлөшүүлөрүндө соода, инвестиция, айыл-чарба, транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Эки лидердин сүйлөшүүлөрү артынан Казакстан менен Ирандын компаниялары акчалай наркы бир миллиард доллардык келишимге кол коюшту.

2015-жылдын жыйынтыгында Казакстан менен Иран ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү 635 миллион долларды түзгөн.

Ирандан соң казак президенти 13-14-апрелде Түркияга барып, президент Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана Ислам кызматташтыгы уюмунун саммитине катышат.

Түркиядан соң казак президентинин 15-апрелде Өзбекстанга иш сапары мерчемделген. (UE)

XS
SM
MD
LG