Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:10

Индияда храмдагы өрткө тиешеси барлар изделүүдө


Өрттөн кыйраган храмдын орду. 11-апрель, 2016-жыл.
Өрттөн кыйраган храмдын орду. 11-апрель, 2016-жыл.

Бийликтер азыр Индиянын түштүгүндөгү Керала штатындагы Puttingal Devi храм комплексин башкарган уюмдун жетекчилерин издеп жатат.

Аталган храмда 10-апрель күнү фейерверк атуудан башталган жарылуулар жана өрттөн кеминде 110 адамдын өмүрү кыйылып, 380ден ашууну жаракат алды.

Фейерверктен улам храмдын имараты кыйрап, адамдар чачыраган сыныктардан да жаракат алышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG