Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:02

Бензин бир сомго кымбаттады


Кечээтен тарта Кыргызстандын бардык аймактарында АИ-80, АИ-92 маркасындагы бензин жана дизель майы 1 сомго кымбаттады. Ал эми АИ-95 бензинин бир литринин баасы 50 тыйынга жогорулады.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, кара майдын кымбаттоосу Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордогу дүң баанын жогорулашына байланыштуу болууда.

Соңку бир ай ичинде бул өлкөдө өндүрүлүүчү бензин жана башка мунай продукциясы дээрлик 10-15% көтөрүлгөн. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG