Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Өспүрүм кызды зордуктады деген жарандын туугандары аны актоодо


Таласта өспүрүм кызды зордуктады деп соттолуп жаткан жарандын туугандары анын акталышын талап кылууда. Кечээ алар Бишкекте маалымат жыйын куруп, жок жерден каралоого кабылганын айтышты.

30 жаштагы Эрлан Дөлөнов жакын туугандарынын кызын 2 жыл бою зордуктап жүргөнү айтылып, ал былтыр 2 жылга шарттуу түрдө соттолгон. Бакай-Ата райондук сотунун мындай өкүмүн облустук сот күчүндө калтырган.

Тергөө учурунда Дөлөнов кылмышын моюнуна алып, айыптуу экенин айткан.

Бүгүн бул иш Жогорку Сотто каралат. Кечээки жыйынга ал жолдо машинасы бузулуп калганын айтып келген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG