Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Укук коргоочулар «Чет элдик агенттер» мыйзамына каршы акцияга чыгат


«Чет элдик агенттер» боюнча мыйзамды кабыл алуу аракети кайрадан башталганына байланыштуу бүгүн укук коргоочулар Ак Үйдүн жанында нааразылык акциясына чыкканы жатат. Бул демилгени көтөрүп чыккан депутаттардын өзүлөрү азыркы парламентте жок экенин айткан активисттер эл аларды шайлабай койгонун, мыйзам долбоорун эч талкуулабастан күн тартибинен алып салуу керектигин айтууда.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюумунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова:

- Биз эч качан эркиндиктерди жана Конституцияны, жарандардын фундаменталдык укугун, эркин чогулуусун, уюмдарды түзүүсүн чектөөгө, дискриминациялоого жол бербейбиз.Тынч пикетке чыгып, оюбузду айтабыз, - деп “Азаттыкка” билдирди.​

Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "агент" деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан.

Эреже боюнча мыйзам парламентте үч окууда кабыл алынгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Эгер мамлекет башчы ага кол койсо күчүнө кирди деп эсептелет.

Айрым серепчилердин айтымында, аталган мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлүп алынган. Ал иштей баштагандан бери көптөгөн орусиялык бейөкмөт уюмдар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG