Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Украинада өкмөт башчылыкка талапкер сунушталат


Украинада жаңы коалиция боюнча сүйлөшүүлөр кыйынчылыкка кептелүүдө. Кечээ Киевде өткөн сүйлөшүүлөрдө эки негизги партия өкмөт башчылыкка талапкер боюнча бир пикирге келе алган жок.

Бул кызматка парламенттин азыркы төрагасы Владимир Гройсман келери айтылып жаткан болчу.

Бүгүн президент Петро Порошенко Жогорку Радага анын талапкерлигин көрсөтөт. Кечээ кечинде журналисттерге интервью берип жатып ал:

- Шейшемби, 12-апрелде биз коалицияны бекитишибиз керек. Мен премьер-министрликке Гройсманды сунуштайм. Бул идеямдан баш тартпайм. Бирок бул орунга ким келбесин, баары менен иштешүүгө даярмын, - деди.

Буга чейин өкмөт башчы Арсений Яценюк иштен өз каалоосу менен кетип жатканын жарыялаган. Ал украин өкмөтүн 2014-жылдан бери башкарып келди. (RK)

XS
SM
MD
LG