Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

«Чет элдик агенттер» тууралуу мыйзам долбооору талкууланат


Бүгүн парламентте “Чет элдик” агенттер тууралуу мыйзам долбоору талкууланат. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер, регламент комитетинин күн тартибинде бул маселе экинчи окууда кароого сунушталып жатканы айтылат.

Бейөкмөт уюмдар, аларды мамлекеттик каттоого алуу жөнүндөгү мыйзамдарга жана “Кылмыш кодексине” өзгөртүү киргизүүнү караган бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары Надира Нарматова, Нуркамил Мадалиев жана Турсунбай Бакир уулу иштеп чыккан болчу. Былтыр жайында ал жалпы жыйында биринчи окууда кабыл алынган.

Бүгүнкү комитеттеги талкуудан кийин ал 14-апрелге Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына чыгарылганы жатат.

Укук коргоочулар эгер аталган мыйзам кабыл алынса Кыргызстан адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айланарын айтып тынчсызданууда. (RK)

XS
SM
MD
LG