Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

FH: экономикалык каатчылык “диктатордук режимдерге” коркунуч келтирүүдө


Эл аралык Freedom House уюму жарыялаган кезектеги баяндамада экономикалык каатчылык айрым өлкөлөрдө “тамыр жайып калган” диктатордук режимдерге коркунуч келтирип жатканын билдирди.

12-апрелде жарыяланган баяндамада мурунку советтик республикалар, Чыгыш Европа жана Балкандагы саясий-экономикалык абал талдоого алынган. Билдирүүгө өткөөл доорду башынан кечирип жаткан 29 мамлекет камтылган.

Анда экономикалык кризис “диктатордук режимдердин” туруктуулугуна коркунуч келтирип жатканы белгиленген. Кыргызстан “диктатор” өлкөлөрдүн катарына киргизилбесе да, оппозицияны мамлекеттик органдар аркылуу каралоо көбөйдү деп жазылган.

XS
SM
MD
LG