Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Сирияда орус тик учагынын кулоо себептери белгисиз


Сирияда жерге түшүп жарылган Орусиянын аскерий тик учагы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Азырынча кырсыктын себептери анык эмес.

12-апрелде Хомс провинциясынын аймагында Ми-28H үлгүсүндөгү тик учак жарылып, эки аскер каза тапкан. Орусиянын Коргоо министрлиги тик учакка сокку урулбаганын билдирген. Аскерлердин сөөктөрү Хмейм аймагындагы аскерий базага жеткирилген.

Орус президенти Владимир Путин 14-мартта Сириядагы орус аскерий контингентинин чоң бөлүгүн чыгарып кетүү боюнча буйрук берген. Ага карабай, Москва Сирияга аскерий жүктөрдү жөнөтүүнү улантууда.

Талдоочулар Кремл Сирияда аскерий күчүн азайтпай эле, стратегияны өзгөртүп, Дамаск армиясына тик учактардын жардамы менен көмөктөшүп жатканын белгилешет.

XS
SM
MD
LG