Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматтан кетет


Парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматтан кетет. Бул тууралуу кечээ өкмөт башчыга талапкер боюнча маселе талкууланып жатканда башкаруучу коалициянын мүчөсү, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Төрөбаевдин айтымында, бул маселе чечилген. “Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болсо, спикер Асылбек Жээнбеков өз ыктыяры менен арызын жазып, ордун тапшырарын билдирди” деди ал.

Темир Сариев 11-апрелде кызматтан кеткенден кийин парламенттеги башкаруучу коалиция бул орунга Сооронбай Жээнбековду жалгыз талапкер кылып көрсөтүүдө. Ал учурдагы парламенттин спикери Асылбек Жээнбековдун бир тууган агасы.

Мыйзам бир туугандарга мамлекеттик бийлик бутактарында негизги жетекчилик кызматты ээлөөгө жол бербейт. (RK)

XS
SM
MD
LG