Парламенттеги “Республика – Ата-Журт” фракциясы бир добуш менен премьер-министрликке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду. Депутаттар Жээнбеков кадрдык өзгөрүүлөргө көңүл бурушу керектигин айтып, бийлик вертикалын орнотуу зарылдыгын билдиришти.
Депутат Мирлан Жээнчороев талапкер Жээнбековго өкмөттө коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министрди дайындоо зарылдыгын көтөрдү. Сооронбай Жээнбеков бул маселе парламент менен бирге чечилерин билдирди.
Кечээ коалициялык көпчүлүккө кирген төрт фракция премьер-министрлик кызматка Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп, маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгуу чечимин кабыл алган.
Алдыда “Бир Бол” фракциясы жана парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитеттери да Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги карамакчы. Түштөн кийин Жогорку Кеңеш депутаттары жалпы жыйында премьер-министрди шайлоого киришери күтүлүүдө. (SDz)