Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Нышанов: төрагалык орунга бир нече талапкер бар


“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов парламент үчүн өкмөт курамын бекитүү биринчи кезектеги маселе болуп турганын “Азаттыкка” билдирди. Анын оюнча, бүгүн премьер-министр шайланып, өкмөт курамы бекиши керек.

- Премьер-министрди шайлоо менен өкмөт курамында эч кандай өзгөрүү болбойт. Бирок транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев тендер чырына байланышы болуп калгандыктан, ал кызматта калганы туура эмес. Бул министрлик орун КСДП фракциясына тиешелүү, андыктан талапкер ошол жактан көрсөтүлөт. Эгерде биздин пикирди сураганда мурдагы министр Калыкбек Султановду көрсөтмөкпүз.

Сайдулла Нышанов парламент төрагасы эртең шайланышы мүмкүн экенин кошумчалап, учурда бул орунга “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги көрсөтүлүшү чындыкка жакын болуп турганын билдирди. Ал ошондой эле “Ата Мекен” фракциясы азырынча спикерликке талапкер сунуштоо маселесин карай электигин кошумчалады. (SDz)

XS
SM
MD
LG