Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Жээнбеков Жогорку Кеңеште өз программасы менен тааныштырууда


Сооронбай Жээнбеков парламентте. 13-апрель, 2016-жыл
Сооронбай Жээнбеков парламентте. 13-апрель, 2016-жыл

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын кароону баштады. Парламент депутаттарынын күн тартибинде премьер-министрди шайлоо жана өкмөт курамын бекитүү маселеси каралган.

Буга чейин бардык фракциялар премьер-министрликке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп беришкен. Болочок премьер-министрди Социал-демократтар партиясы сунуштаган. Жээнбеков Жогорку Кеңеште депутаттарды өз программасы менен тааныштырууда.

Буга чейинки премьер-министр Темир Сариев 11-апрелде өкмөт башчылыктан кеткенин жарыялаган.

Түшкө чейин болсо Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматын тапшырган. Ал бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке көрсөтүлүп жатканына байланыштуу ушундай чечимге келгенин айтты. Мыйзам боюнча бир туугандар бир учурда негизги мамлекеттик бийликтерди башкарууга укугу жок. (SDz)

XS
SM
MD
LG