Баткенде бүгүн “Коопсуздук-2016” аскердик машыгуусу уланат. Кечээ башталган машыгууга Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелери менен бөлүктөрү, облустук жана Баткен, Кадамжай райондук администрациялары катышууда.
Максат – башкаруу, чечим кабыл алуу, көйгөйлөрдү аныктоодо ич ара байланышты бекемдөө, даярдыкты текшерүү.
Буга чейин мындай иш-чара Ош, Жалал-Абад облустарында өттү. (RK)