Ноокен районунун Достук айылынын тургунунун үйүнө 5-апрель күнү беткапчан белгисиз 2 адам кирип, күйөөсүн жана аялын травматикалык тапанча менен коркутуп, аткан жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда беткапчан 2 киши алгач эшикти ачкан үй ээсинин жубайын токмоктоп, кожоюнун тапанча менен атып, ызы-чуу чыкканда качып кеткен.
Окуя боюнча Ноокен райондук ИИБнин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Талас, Ош жана Бишкек шаарларынын 23-24 жаштагы тургундары Ноокен районунун аймагынан кармалган.
Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө башталды. Ал эми жабыркаган жарандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканада дарыланып чыгышты. (RsK)