Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

«Кыргызстан – Араб Эмирлиги» экономикалык форуму өтүп жатат


Дубай шаары.
Дубай шаары.

Бүгүн Бишкекке Бириккен Араб Эмирлигинин энергетика министри Сухаил Мухаммад ал-Мазруи баштаган инвестициялык делегация келди. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, делегациянын курамында Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар бир катар инвесторлор бар.

Тараптар учурда “Ала-Арча” резиденциясында «Кыргызстан – Араб Эмирлиги» экономикалык форумуна катышууда. Анда кыргыз тарап өз инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат бермекчи. Ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүү, тамак-аш өңөр жайы, гипермаркеттерди куруу, энергетика жана телекоммуникация тармактары боюнча сүйлөшүүлөр өтөт.

Араб Эмирлигинин энергетика министри бир катар расмий жолугушууларды да өткөрмөкчү. Министр жетектеген делегациянын иш сапары эртең аяктайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG