Жогорку Кеңеш депутаттары башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2015-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты. Жолдубаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өткөн жылы 17 прокуратура кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганын билдирди. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган прокурорлор болгон эмес. Жолдубаева бул көрүнүштү тийиштүү арыздар жоктугу менен түшүндүрдү.
Жыйынтыгында 101 депутат Индира Жолдубаеванын ишин жакшы деп баалады, ал эми каршы чыккан эл өкүлдөрү болгон жок.
Жолдубаева башкы көзөмөл органын 2015-жылдын январынан бери жетектейт. (SDz)