Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

"Камбагал" Гапаровдун 80 жашы...


Мурза Гапаров
Мурза Гапаров

Өткөн айдын этегинде, тактап айтканда марттын 25инде Бишкектеги Улуттук китепканада жазуучу Кубатбек Жусубалиев айткандай, "камбагал" Мурза Гапаровдун 80 жылдык юбилейи белгиленди.

Китепканага келген анын күйөрмандары, саналуу жазуучулар, акындар, студенттер Мурза Гапаровдун кыргыз адабиятындагы салмактуу ордун бир ооздон белгилешти. Эки китеби жарык көрүптүр. Анын бири “Сулуулуктан улуулукка” деп аталса, экинчиси - жазуучунун драмалары, аңгемелери, повесттери топтолгон “Тандалмалар” жыйнагы чыккан.

"Алайда элем. Мурзанын 80 жылдыгы болорун угуп, атайы келбедимби, бу камбагал" деген Кубатбек Жусубулиевдин сөзүнө залдагылар күлүп жооп беришти.

Жазуучулар Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов
Жазуучулар Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов

“Ал жазды сүйчү. Сулуулукка суктанчу. Ошол сулуулукту калеми менен тартып берди” деген пикирин Гапаровдун жакын жолдошторунун бири Кеңеш Жусупов айтты.

"Гапаровдукундай мейин, жумшак, назик, лепилдеп согуп турган салкын желдей керемет стиль эч кимде жок" деп мүнөздөдү Эгемберди Эрматов.

"Мурза аке менен бадам окшош эле. Аппак чачы бадам гүлүндөй, бадам гүлү Мурза акенин чачындай" деп шакирти Абдыкерим Муратов жазса, жазуучу Мелис Абакиров “Ал - кыргыздын Чехову эле” деп төгүлдү.

Юбилейге оригинал акын Рамис Рыскулов да келип, авангард каалоо ырын окуп берди.

Кечеге келген коноктор
Кечеге келген коноктор

Салтанатка катышкан драматург, жазуучу Султан Раев 60-жылдары келген жазуучулардын агымын баса белгилеп, эми кийинки жазуучулардан ушундай из калар-калбасын айтып өттү.

Баарынан да көпчүлүктүн көңүлүнө толгон Гапаровдун эки жубайы болду. "Мурза жаза баштаганда ага тоскоол болбош үчүн балдарымды алып, төркүнүмө бара турчумун" деп биринчи жубайы Алмажан Осмонкулова эскерсе, "Экөөбүз чыгарма жазып бүтүп эшикке чыксак жаз келип калчу" дейт экинчи жубайы Галия Гапарова. Мурза акедей эркекке татыктуу жубай болуу менен катар экөө тең Мурзасын чексиз сүйөрүн айтып өтүштү.

Жазуучунун экинчи жубайы Галия Гапарова менен биринчи жубайы Алмажан Осмонкулова
Жазуучунун экинчи жубайы Галия Гапарова менен биринчи жубайы Алмажан Осмонкулова

Кеченин акырында Мурза Гапаровдун балдары, неберелери, тууган-уругу даярдаган чакан дасторкондон даам татышып, чогулгандар бата берип, демөөрчүлөр чыгарган китептерин алып, ошого каниет кыла тарашты.

Сүйүктүү жазуучусунун 80 жаштык мааракесине кокусунан туш болуп калганы үчүн төбөсү көккө жеткен​ Карамат Токтобаева, Прага, 14.04.2016

XS
SM
MD
LG