Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Кыргызстан "SITT/ТурСиб2016" эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууда


Новосибирскте кечээ,14-апрелде ачылган үч күндүк эл аралык туристтик көргөзмөгө Кыргызстан да катышууда. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, туроператорлор, авиакомпаниялар, Туризм департаментинин өкүлдөрү жана Новосибирсктеги консулдуктун кызматкерлери Кыргызстанга келип эс алуунун артыкчылыктары, быйыл өтө турган экинчи Көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берип жатышат.

"SITT/ТурСиб2016" деген аталыш менен уюштурулган көргөзмө шаардагы ири экспоцентрде өтүп жатат. Ал жерде кыргыздын боз үйү тигилип, ичине улуттук тамак-аш коюлган.

Көргөзмө бүгүн, 15-апрелде жыйынтыкталат. (RK)

XS
SM
MD
LG