Бүгүн эртең менен Кыргызстандын аймагында жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, саат 07:14тө очогу Өзбекстанда болгон силкинүүнүн күчү 3,5 баллга жетти.
Жердин титиреши Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айылында 2,5 балл болуп сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. (RK)