Аталган фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн эксперти Улан Ногойбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, насыяны ишкерлер коммерциялык банктар аркылуу алса болот.
- Биз эки багыт менен насыяларды берип жатабыз. Эгерде бизнес долбоор 1 миллион долларга чейин болсо коммерциялык банктар аркылуу насыя берилет. Ал эми долбоор миллион доллардан жогору болгон учурда түз фонд аркылуу насыяны алса болот.
Маалым болгондой, чакан жана орто бизнес үчүн берилген насыянын пайыздык үстөгү 5 пайыздан ашпашы керек. Мындан башка коммерциялык банктар насыя берүүдө кошумча каражат албашы керек, атүгүл документ толтурууда да насыя алуучулар кошумча акча төлөбөйт. (SDz)