Токтогул районунун тургундары азыркы электр тарифине макул эместигин билдирип, митинг өткөрүп жатышат. Алар районго электрди ГЭСтен өндүрүлгөн өздүк баа менен сатууну талап кылышууда.
Ошондой эле чогулгандар Чолпон-Ата айылындагы Узун-Акмат алтын кенин иштетпөө талаптарын коюшту.
1998-жылы Токтогул районуна жана Жазы-Кечүү айылына өзгөчө статус берилген. Мыйзам 1999-жылдын январь айынан тарта күчүнө кирген. Анда "Токтогул жана Жазы-Кечүү айылдарынын тургундары менен аймактагы электр насостук станцияларына электр энергиясы ГЭСтен өндүрүлгөн баасында берилсин" деп жазылган. (RsK)