Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Лукашенко ислам дүйнөсү менен карым-катышты чыңдагысы келет


Лукашенко менен Назарбаевдин Стамбулдагы жолугушуусу. 14-апрель, 2016-жыл.
Лукашенко менен Назарбаевдин Стамбулдагы жолугушуусу. 14-апрель, 2016-жыл.

Беларус ислам дүйнөсү менен карым-катышты чыңдап, кеңейтүүнү кааларын президент Александр Лукашенко Стамбулда билдирди.

Ал кечээ Ислам кызматташтыгы уюмунун саммитинде сүйлөгөн учурунда белгилегендей, “чыныгы көп уюлдуу дүйнөнү мусулмандарсыз куруу мүмкүн эмес”.

Ислам өлкөлөрүн ынтымакка жана “ички пикир келишпестиктерин” жоюуга чакырган Лукашенко ошондой эле “дүйнөнүн башка чечүүчү геосаясий оюнчулары менен катар ислам дүйнөсү стабилдүүлүктүн жана коопсуздуктун таянычы боло алат”,- деп да кошумчалады.

Беларус 56 өлкө мүчө Ислам кызматташтыгы уюмуна мүчө эмес. Бирок ага карабастан президент Александр Лукашенко бул уюмдун 13-14-апрель күндөрү Стамбулда өткөн саммитине катышты. (UE)

XS
SM
MD
LG