Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Данияр Нарымбаевдин соту башка күнгө жылдырылды


Данияр Нарымбаев.
Данияр Нарымбаев.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев бүгүнкү сот жараянда судьядан ишти кароону башка күнгө жылдырууну өтүндү. Муну Нарымбаев өзүн начар сезип жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Натыйжада бүгүнкү отурумда мурдагы депутат Хажимурат Коркмазовду гана угушту. Экс-депутат ага коюлуп жаткан айыптарды жарым-жартылай моюнга алып, Назгүл Түлеевадан алган 50 миң долларды Нарымбаевге бергенин билдирди. Бирок издөө учурунда Нарымбаевдин иш бөлмөсүнөн ал акча табылган эмес.

Биринчи Май райондук соту Нарымбаев менен Коркмазов боюнча былтыр 27-ноябрда өкүм чыгарган. Анда коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айып кыскартылып, көз боёмочулук деген айып менен Нарымбаев үч, ал эми Коркмазов бар жарым жылга кесилген жана үй-мүлкү тартылып алынсын деген чечим чыккан.

Кийинки сот 18-апрелде уланат. (SDz)

XS
SM
MD
LG