Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Аба ырайы: Ошто 30 градус ысык болот


15-16-апрелде абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-250 чакырымдары) жана Каракол-Эңилчек (75-83 чакырымдары) жана Ала-Бука-Канышкыя (70-80 чакырымдары) жолдорунда кар көчкү түшөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

18-апрелден 22-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, 18-апрелде күндүз жана 19-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

16-апрелде республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактардын жолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +24...+29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6...+11, күндүз +23...+28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30;

Баткенде түнкүсүн +7...+12, күндүз +24...+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...+6, күндүз +13...+18;

Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +16...+21;

16-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG