Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Башкы прокуратура: Эрмек Жолдубаев Казакстандын чек арасынан өткөн эмес


Социалдык тармакта 2016-жылдын 9-апрелинде башкы прокурордун тууганы болушу мүмкүн деген жаран Казакстандын аймагында кармалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Жолдубаев Эрмек Ырысбаевич учурда Бишкек шаарында жүрөт жана 9-апрелде казак-кыргыз чек арасын кесип өткөн эмес, - деп билдирди башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, социалдык түйүндө кыргыз-казак чек арасында маңзат ташып бараткан Эрмек Жолдубаев аттуу кыргыз жараны кармалганы айтылып, аны текшерүүнүн жүрүшүндө оң чөнтөгүндөгү баштыкчада салмагы 2,03 граммды түзгөн маңзаты алынганы кабарланган. Айрымдары маалыматтагы адамдын ысымы Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаевага окшош болгондуктан, анын тууганы болушу мүмкүн деп божомолдошкон эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG