Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:04

Жалал-Абадда жер титиреди


Сейсмология институтунун маалыматында, жер титирөө бүгүн эртең мененки саат 8:39да катталды. Анын очогу Өзбекстандын Наманган облусунда болду.

Жер титирөөнүн күчү Жалал-Абаддын Чаткал районунун Сумсар айылында 5 балл, Ала-Бука районунун Тенги айылында 5 балл, Ала-Бука айылында 4 балл, Аксы районунун Кербен айылында 4 балл, Таш-Көмүр шаарында 3-4 балл, Баткен, Кызыл-Кыя, Ош шаарларында 2-3 балл сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркоолор болгон жок.(AzK)

XS
SM
MD
LG