Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Индонезиялык деңизчилерди каракчылар уурдап кетишти


Филиппин менен Малайзиянын ортосундагы эл аралык сууларда жүргөн кемеге кол салган куралдуу адамдар тобу төрт деңизчини уурдап кетишти. Кемедеги алты киши качып кетүүгө үлгүргөн. Алардын бири деңиз каракчыларынын огунан жарадар болгон.

Ушу тапта Индонезиянын Тышкы иштер министрлиги окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Кеме иштеткен компания аларга телефон чалуулар болуп, каракчылар барымтадагыларды 1 миллион долларга жакын каражатка алмашарын айтканын билдирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында дагы Филиппиндин түштүк жээктеринде индонезиялык деңизчилер уурдалган. Алар кеме менен 7 миң тонна көмүрдү жүктөп баратышкан эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG