Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

Жапониянын жер титирөө болгон шаарында жашаган эки кыргыз жараны Токиого келет


Жер титирөөдөн жабыркаган жаранды куткаруучулар көтөрүп бара жатат. Кумамото, Жапония
Жер титирөөдөн жабыркаган жаранды куткаруучулар көтөрүп бара жатат. Кумамото, Жапония

Бул туурасында “Азаттыкка” Кумамото универститетинде илимий изилдөөчү болуп иштеген Жази Келгенбаева билдирди. Алар кечээ Кыргызстандын элчилиги менен байланышып, Токиого келмей болушту. Кумамото шаарында аэропорттор иштебегендиктен алар ушул сааттарда башка шаарга автоунаа менен барып, ал жерден Токиого учканы жатышат.

Келгенбаева аны ата-энеси Кыргызстанга кайтууга чакырып жатканын, бирок азырынча ал жумушуна карап кырдаал жөнгө салынгыча Токиодо болорун билдирди.

Жапониянын Кюсю аралында эки жолу катуу жер титирөө болду. Бүгүн таңда болгон 7,1 баллдык жер титирөөдөн жети киши каза 470 киши жараат алганы кабарланууда. Ал эми 15-апрелде болгон 6,2 баллдык силкинүүдөн 15 киши каза таап, миңден ашуун киши жараат алган. (AzK)

XS
SM
MD
LG