Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Чет жерде иштеген аксылыктар айылга спорт зал салып берет


Спорт залдын орду
Спорт залдын орду

Аксы районундагы Кашка-Суу айылына Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын эсебинен күрөш залы курулат. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Шекербек Камчыбек уулу "Азаттыкка" билдирди. Чет жакта иштеп жүргөн мигранттар уюштурган "Падыша-Ата кулундары" коомдук фонду ал үчүн учурда каражат чогултуп жатат.

Өткөн жылы алар мектептин спорт залына 100 миң сомдук күрөш килемдерин сатып берип, 100 баланы машыктырууга атайын устат да жалдашкан. 2014-жылы Орусияда уюшулган "Падыша-Ата кулундары" коому айылдагы мектептерге каражат жагынан да көмөк көрсөтүп келет.(RsK)

XS
SM
MD
LG