Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Эквадордо катуу жер титирөө болду


Эквадордогу катуу жер титирөөдөн кийин ураган үй
Эквадордогу катуу жер титирөөдөн кийин ураган үй

Жергиликтүү бийликтин маалыматында 7,8 баллдык жер титирөөнүн кесепетинен 28 киши каза тапты. Анын эпицентри 19 км тереңдикте, Муисне шаарынан түштүк-чыгыш тарапты көздөй 27 км аралыкта болгон. Көптөгөн турак жайлардын урап калганы кабарланууда. Тынч океандын цунамини эскертүү борбору жер титирөөнүн эпицентринен 300 км аралык алыстыкта кооптуу ири толкундар болушу мүмкүндүгүн кабарлоодо. Мындан улам бийлик жээктеги тургундарды башка жакка көчүп кетүүгө чакырууда. Өлкөнүн алты районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлгөн.

Буга чейин Жапонияда дагы эки ирет 7 баллдан ашык жер титирөө болуп, ал 40 кишинин өмүрүн алган. (AzK)

XS
SM
MD
LG