Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Жапонияда жер титирөөдө каза тапкандар 40ка жетти


Ушул тапта 240 миң киши кооптуу жайлардан үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болушту.
Ушул тапта 240 миң киши кооптуу жайлардан үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

Кюсю аралында болгон жер титирөөдөн соңку маалыматтар боюнча 40 киши каза таап, 2000дей киши жаракат алып, дагы 200 киши оор абалда жатканы кабарланууда.

Ондогон адамдар урандылардын астында калган.

Ушул тапта 240 миң киши кооптуу жайлардан үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Миңдеген жарандар жаанда ачык асман алдында түнөп жатышат.

Кумамото префектурасынын бийликтери катуу жер титиреген аймакта жол жана электр линиялары жарактан чыкканын, жергиликтүү оорукана урап калуу коркунучунан улам андагылар эвакуацияланганын билдирди. Аймакта куткаруучулар жана аскер адамдары уранды астында калгандарды издөө, баш калкасыз калгандарга жардам берүү менен алектенип жатат.

Жапония жер титирөө коркунучу жогору өлкө болуп саналат.

2011-жылдын 11-мартында цунами менен коштолгон 9 баллдык катуу жер титирөө Фукусима атомдук электр станциясынын бузулуусуна жана андан радиациянын чыгуусуна алып келген. Жыйынтыгында 15 миң киши каза таап, 2,5 миңдей киши азыркыга чейин дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. (AzK)

XS
SM
MD
LG