Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Ала-Бука: Сирияга барды деген үй-бүлөнү көчүрүүнү айылдыктар кайрадан талап кылууда


Ала-Бука району
Ала-Бука району

Райондун Кажар айылынын тургуну Махмудовдордун үй-бүлөсүн айыл тургундары кайрадан көчүрүүнү талап кылып чыгышты. Кажар айылынын башчысы Атахан Даникуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул үй-бүлөнүн ажырашкан кызы эжеси менен бирге мурунку жолдошунун үйүнө барып, азыркы жашап жаткан келинчегин уруп коюшкан. Ошондон улам "булар бизге тынчтык бербейт экен" деп өткөн жумада айылда жыйын өтүп, көчүрүү тууралуу токтом кабыл алынган. Эми 156 адамдын колу коюлган кайрылууну жергиликтүү кеңеш өз сессиясында карап, чечим кабыл алат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы берген маалыматка ылайык, бул үйдүн 22 жаштагы баласы Сузактагы медреселердин биринде окуп жаткан учурда 2014-жылы Сирияга кеткендиги, эл аралык террористтик уюмдардын катарында куралдуу согушка жалданып, "жихадда" жүргөнү аныкталган.

Кийинчерээк 2015-жылдын май айында дайынсыз жоголгон уулун издөө жана иштөө максатында 52 жаштагы атасы Хайрулла Махмудов да Түркияга жол тарткан. Андан соң ал Кыргызстандагы жубайын келип кетүүгө чакырган. 42 жаштагы Мавлюда Шакированы эки кызы жана эки небереси менен кетип жатканда Ош шаарындагы аэропорттон алгач милиция токтоткон. Кийинки жолу алар эч кимге айтпай Москва аркылуу Түркияга барган. Ошол жакта жүрүп өткөн жылдын ноябрь айында депортация болуп кайтып келген.(RsK)

XS
SM
MD
LG