Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Доха сүйлөшүүсүнөн соң мунай арзандады


Орусиянын энергетика министри Александр Новак 17-апрелде Дохадагы сүйлөшүүдөн кийин. 17-апрель, 2016-жыл.
Орусиянын энергетика министри Александр Новак 17-апрелде Дохадагы сүйлөшүүдөн кийин. 17-апрель, 2016-жыл.

Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн Дохадагы сүйлөшүүсүнөн соң бүгүн Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели беш пайыздан ашык арзандады. Орусиянын энергетика министри Александр Новак 17-апрелде Дохадагы сүйлөшүүдөн кийин бул жыйындагы кызуу талаш-тартыш менен Ирандын позициясына байланыштуу Кремль мунай өндүрүү көлөмүн азайтуу боюнча келишимге кол коюлат деген ишенимде болбогонун айтты.

Дохадагы жыйынга ОПЕК мүчөсү - Иран катышкан жок жана мунай өндүрүү көлөмүн Тегеранга эл аралык санкциялар салынганга чейинки деңгээлге жетмейин азайтпасын билдирген. Сауд Арабия өкүлү мунай өндүрүүнү азайтуу келишимине ОПЕКке мүчө бардык өлкөлөр келишкен шартта гана кол коюулууга тийиштигин белгиледи.

Катар баш калаасындагы жыйынга мунай өндүрүүчү 16 өлкөнүн өкүлдөрү, анын арасында ОПЕКке мүчө эмес (Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму) Орусиянын да өкүлү катышты.

XS
SM
MD
LG