Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Орус акчасы кайра төмөндөдү


Рубль куну ылдыйлашы мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн Дохадагы жыйыны майнапсыз аяктагандан кийинки учурга туш келди.
Рубль куну ылдыйлашы мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн Дохадагы жыйыны майнапсыз аяктагандан кийинки учурга туш келди.

Бүгүн эртең менен Москва биржасынын ачылышында рублдын дүйнөлүк негизги валюталарга карата курсу кескин төмөндөп кетти. Маселен, соода башталганда эле доллар менен евро буга чейинки баадан эки рублдай кымбат сатылып, бир доллар 68 рубль 60 тыйынга, евро 77,5 рублга чыкты.

Рубль куну ылдыйлашы мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн Дохадагы жыйыны майнапсыз аяктагандан кийинки учурга туш келди. Катардын баш калаасындагы кечээги жыйында ОПЕКке мүчө өлкөлөр мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча келише алган эмес. Бул келишим мунайдын дүйнөлүк баасы өсүүсүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн эле. Ийгиликсиз сүйлөшүүдөн кийин бүгүн Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели беш пайыздан ашык арзандады.

XS
SM
MD
LG