19-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,
Баткен, Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...+2.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 20...22.