Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

“Дордой” футбол клубунун жаш оюнчулары Миландагы мелдешке катышат


“Дордой-2003” командасынын оюнчулары машыктыруучусу Олег Холковский менен
“Дордой-2003” командасынын оюнчулары машыктыруучусу Олег Холковский менен

Бишкектин “Дордой” футболдук клубунун жаш оюнчулары “Футбол достук үчүн” аталышындагы эл аралык форумга алгачкы жолу катышат.

“Дордой” клубунан “Азаттыкка” маалымдашкандай төртүнчү жолу өткөрүлүп жаткан форум 26-28-май күндөрү Италиянын Милан шаарында өтөт. Ага Аргентина, Австрия, Казакстан, Жапония, Испания, жалпысынан 32 мамлекеттин алдыңкы клубдарынын 12 жаштан 14 жашка чейинки оюнчулары катышып, көчө футболу боюнча таймашышат.

Кыргызстандын намысын бул турнирде спорт чебери Олег Холковскийдин жетекчилигиндеги “Дордой-2003” командасы коргойт. Ага 8 оюнчу кирген. Оюндун жүрүшүн чагылдырууга Кыргызстандан төрт журналист барат.

Иш-чаранын катышуучулары футболдун дүйнөлүк жылдыздары менен жолугуп, салтка айланып калгандай УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалдык оюнун көрүшөт.

“Футбол достук үчүн” эл аралык социалдык программасын орусиялык “Газпром” компаниясы ишке ашырып келет. Программа балдар футболун өнүктүрүү, өспүрүмдөр арасында дени сак жашоо образын жайылтуу, толеранттуулукка тарбиялоо жана ар кайсы өлкөлөрдө жашаган балдардын достугун бекемдөөгө багытталган.

Алгачкы форум 2013-жылы Лондондо өткөн. (ECh)

XS
SM
MD
LG