Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Киев соту эки орус жаранын 14 жылга эркинен ажыратты


Ерофеев менен Александров Киев сотунда.
Ерофеев менен Александров Киев сотунда.

Киевдин Голосеев райондук соту Орусиянын аскер кызматкерлери экени айтылган Евгений Ерофеев менен Александр Александровду мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен 14 жылдан абакка кести. Былтыр май айында өлкө чыгышында кармалган бул эки орус жаранына "Украинага каршы согушту уюштурууга жана ишке ашырууга катышкан, террордук уюмга көмөктөшкөн, чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айыптар тагылган.

Соттогу акыркы сөзүндө бул эки жаран соттон күнөөсүз деп табууну суранды. Ошол эле кезде мамлекеттик айыптоочу эки орусиялыкты 15 жылга кесүүнү өтүндү.

Сот Ерофеев менен Александров Орусиянын аскер кызматчылары экени далилденди деп эсептеди. Соттолгон эки жаран өзүн-өзү жарыялап алган "Луганск элдик республикасынын" аймагына келгенге чейин орус армиясынын катарынан чыкканын айтууда. Орусия коргоо министрлиги да ушундай позицияны карманууда.

Буга чейин бул эки жаран Орусияда 22 жылга соттолгон украин аскер учкучу Надежда Савченкого алмашылышы ыктымалдыгы айтылып келген.

XS
SM
MD
LG